• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш утту

Спорт 0

Бишкек, 17.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту. Бул тууралуу спортчу өзү билдирди.

Азия чемпионаты 5-15-октябрь аралыгында Бахрейнде өттү.

Бекдөөлөт Расулбеков (102 кг) жулкуп 173 кг, түртүп 216 кг көтөргөнгө жетишти. Жалпы 289 кг салмакты көтөрүп, күмүш медалдын ээси болду.

Эскерте кетсек, буга чейин Эмил Молдодосов 89 кг салмак категориясында катышып, ал дагы экинчи орунга илинген.

Пикир

Оставить комментарий