• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңди

Спорт 0


Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Оор атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Өзбекстанда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси болду.

Ташкент шаарында өтүп жаткан мелдеште Расулбеков 102 кг салмак категорияда мелдешке чыкты.

Спортчу жулкуп көтөрүү боюнча 167 кг, ал эми түртүп көтөрүүдө 217 кг көтөрүп, жалпы 384 упайга ээ болду. Жалпы упайлык эсептин негизинде 4-орунду, ал эми түртүп көтөрүүдө 2-орунду, жулкуп көтөрүүдө 9-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, оор атлетика боюнча курама команда улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий