• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча эл аралык мелдеште алтын байгелүү болду

Спорт 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Иранда өткөн International Fajr Cup эл аралык мелдешинде алтын байгелүү болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш Ирандын Решт шаарында 1-5-февраль күндөрү болуп өтөт. Кыргызстандык чоюн билек балбан 96 килограмм салмакта күч сынашкан.

Кыргыстандык спортчу жулкуп көтөрүүдө 165 килограмм, түртүп көтөрүүдө 206 килограммды көтөргөн. Жыйынтыгында ал жулкуп көтөрүүдө алтын, ал эми түртүп көтөрүүдө күмүш медалга татыган. Ал эми жалпы жыйынтык боюнча (жалпы 371 килограмм көтөргөн) Бекдөөлөт Расулбеков өз салмак категориясында алтын медалдын ээси болгон.

Эскерте кетсек, бул мелдеш рейтингдик упай берүүчү мелдеш. Анда алынган упайлар Олимпиада оюндарына лицензия алууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий