• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бекешев: Башка органдардын иш-милдеттерин кайталаган Транспорт министрлигинин Транспорттук инспекциясын жоюу керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.04.18 /Кабар/. Транспорт жана жол министрлигине караштуу Транспорттук инспекция бар. Анын иш-милдетин талдап көрсөк, башка бир катар мамлекеттик органдардын иш-милдетин кайталайт экен. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирүү менен, жаккында эле иш таштоого чыккан микроавтобус каттамдарынын айдоочуларын бир четинен түшүнсө болот, инспекциянын кызматкерлери алардан бекер акча алуунун кынуусун алып калышыптыр, ошондуктан аны жоюу зарылдыгын кошумчалады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызмат билдирди.

«Андан сырткары, өлкөнүн маданият тармагы бюджеттен калдык каражат менен каржыланып калды. Театрлардын азыркы абалы жанды кейитет, аларды оӊдоо үчүн кошумча каражат керек. Менимче, эски театрлар оӊдолсо, жаӊы чоӊ концерттик залдар курулса, алар заманбап жабдуулар менен жабдылса жакшы болот эле. Ушул маселени Өкмөт бюджет каралганда эске алат деген ойдомун», - деди эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий