• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бекешев: Эӊ зор байлык – адамдарга, алардын тереӊ билим алуусуна кошулган салым!

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Кыргызстандын майыптарына колдоо көрсөтүү долбооруна арналган иш-чара жүрүшүндө бир катар студенттер менен окуучуларга, майыптар уюмдарына стипендиялык менен жардамдык сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаты, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Жонг Бенг-Ху, майыптардын кыргыз жана корей уюмдарынын жетекчилери, окуучулар менен студенттер катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кореянын Азиз жарандарга колдоо көрсөтүү борборунун өкүлдөрүнүн айтымында, кыргыз майып балдарына колдон келген жардамдар көрсөтүлүп келет. Азыркы учурда айрым көзү майып мектеп балдары менен студенттерге стипендиялар чектелип, атайын жабуулар берилди, окуу куралдары чыгарылып, окуулар өткөрүлүүдө. Андан тышкары, жаӊыдан ачылган Аудиожазуу студиясында кыргыз эл жомоктору, адабий жана музыкалык чыгармалар жазыла баштады.

Корей борборунун жардамы менен аянты 500 чарчы метр тигүү цехи ачылып, 30 тигүүчү машина сатылып алынганын белгилеген Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Марат Ташбаев өз өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирип, жыйын катышуучуларын жакында өтө турган кыргыз коомунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган маареке-аземине чакырды.

Ал эми Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев майып балдарды азыртан тереӊ билим алууга чакырды. «Эӊ зор байлык – адамдарга, алардын тереӊ билим алуусуна кошулган салым. Корей досторубуздун көмөгү менен үчүнчү жолу атайын стипендиялар чектелип отурат. Ага 58 өтүнүч түшүптүр, биз 15 студент менен 2 окуучуну тандап алдык. Эми, ардактуу стипендиянттар, алган акчаӊарга майда- чүйдө нерсеге коротпой, билим алуу жаатында жумшагыла», - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому 1937-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда анын 9,5 миӊден ашуун мүчөсү бар.

Пикир

Оставить комментарий