• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бекмурзаев: «Бишкек ЖЭБ энергетика тармагындагы муундардын өз ара байланышын, тажрыйба алмашуусун бекемдеген станция»

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. КР энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Бишкек Жылуулук электр борборунун 60 жылдык мааракесинде аталган борбор энергетика тармагындагы муундардын өз ара байланышып, тажрыйба алмашуусун бекемдеген станция экенин билдирди.

«60 жыл аралыгында жылуулук электр борборунда иштеген адистердин 3 мууну алмашты. Бүгүнкү күндө кезинде ЖЭБди куруп, аны өнүктүрүүгө салым кошкон энергетиктердин неберелери иштеп жатат. Бул атадан балага өткөн улуу кесип экенинен кабар берет. 60 жылдын ичинде жылуулук электр борборунун иштөө технологиясы өзгөрүп, жабдуулар алмаштырылды. Бирок чейрек кылымдан ашык убакыттан бери калкты жылуулук жана жарык менен ишенимдүү камсыз кылуу милдетин мурдагыдай калыпта аткарып келүүдө», - деди Энергетика жана өнөр жай министри.

Доскул Бекмурзаевдин айтымында, Бишкек ЖЭБинин туруктуу иштешинде жылуулук борборундагы ар бир жумушчунун, кызматкердин бараандуу салымы бар. «Эмгек жамааттын алдында жылытуу мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу милдети турат. Бул милдетти аткарасыздар деп ишенем. Анткени, ЖЭБде өз ишин мыкты билген кесипкөй адистер эмгектенет», - деди ал.

Иш-чарада энергетика тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон Бишкек ЖЭБинин бир нече кызматкерине Энергетика жана өнөр жай министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБи - Кыргызстандын эң ири жылуулук электр станциясы. Анын курулуш иши 1958-жылы башталып, 1961-жылы кубаттуулугу 25 МВт болгон биринчи турбоагрегаты ишке берилген. Учурда ЖЭБдин кубаттуулугу 800 МВт түзөт. Жылына 1-1,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы 132 миң абонетти жылуулук менен камсыз кылат.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБи көмүр, газ жана мазут менен иштейт. Жылына бир миллион тоннадан ашык көмүр колдонулат. Анын 600 миңи Кыргызстанда казылган кара алтын болсо, калганы Казакстандыкы колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий