• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Доскул Бекмурзаев эксперттер менен энергетика тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

Коом 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Кечээ, 18-майда Энергетика министрлигинде жүргүзүлүп жаткан реформалар жана тармакты өнүктүрүүгө арналган тегерек стол өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек столдун ишине министр Доскул Бекмурзаев катышып, энергетика жаатындагы эксперттер менен тармактын маанилүү багыттарын талкуулады.

Ошондой эле Доскул Бекмурзаев өз ишмердүүлүгүндө бардык сунуштарга ачыктык принцибин карманып, энергетика маселелерине байланыштуу идеяларды талкуулоого даяр экенин баса белгиледи.

"Мен ар дайым сунуштарга ачыкмын жана энергетиканы өнүктүрүү боюнча идеяларды талкуулоого даярмын", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий