• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бекмурзаев: Энергетика тармагына энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү маселеси артыкчылыктуу багыт

Экономика 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Өлкөнүн энергетика тармагына энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү маселеси артыкчылыктуу багыттардан, бул экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү шарты. Мындай пикирин КР энергетика министри Доскул Бекмурзаев Эл аралык Энергетикалык Хартиянын катчылыгы жана ПРООН тарабынан уюштурулган «Борбордук Азияда туруктуу жана таза энергияга өтүүгө көмөктөшүү» тематикалык сессиясында билдирди.

Сессияда Доскул Бекмурзаев энергетика тармагын өнүктүрүү экономикалык жактан өсүштү шарттаарын белгиледи.

«Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу экономиканы өнүктүрүүнүн негизин түзөт. Ошондуктан бул тутумдун өсүшүн камсыз кылуу үчүн инвестия тартуу керек. Инвестицияны энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүгө жумшоо мезгил талабы. Кыргызстан учурда бул багытта жигердүү иш жүргүзүп, инвесторлорду тартуу аракетин көрүүдө», - деди энергетика министри.

Министр Доскул Бекмурзаев өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүү процесси жүрүп жатканын кошумчалады.

«Максатыбыз, энергиянын кайра жаралуучу булактары өнүктүрүү үчүн инвесторлорго жеңилдетилген шарттарды түзүү. Биз эл аралык коомчулук менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын жолго салуу, электр энергиясын натыйжалуу пайдалануу боюнча кызматташууну бекемдөөгө даярбыз», - деди Доскул Бекмурзаев.

Ошондой эле Кыргызстан ушул жылдын октябрь айында электр энергиясынын орто мөөнөттү тарифтик саясатын бекиткенин эске салып, бул электр станцияларын куруунун натыйжалуулугун, инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарынын рентабелдүүлүгүн жогорулатарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий