• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бекмурзаев: Кыргызстан дүйнөдөгү электр энергиясы арзан мамлекеттердин катарына кирет

Коом 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Кыргызстан дүйнөдөгү электр энергиясы арзан мамлекеттердин катарына кирет. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдириди.

Анын айтымында, электр энергиясына болгон тарифтер керектөөчүлөргө багытталган жана энергетика тармагын реформалоо жана өнүктүрүү үчүн тийиштүү каржылоого жол бербейт.

“2021-жылдын аягында электр энергиясынын өздүк наркы 1 кВт/саат үчүн 1,5 сомдон ашты. Коюлган орточо эсептик тариф аны жаппайт. Электр энергиясынын учурдагы тарифтери боюнча сатуудан түшкөн каржылык кирешенин көлөмү энергетикалык компаниялардын кредиттик төлөмдөрүнөн жана учурдагы чыгымдарынан аз”, - деди ал.

Министр белгилегендей, 2021-жылы энергетикалык компаниялардын чыгашасы 28,2 млрд сомго жеткен. 2022-жылы пландаштырылган чыгашалар 40,2 млрд сомду, пландалган кирешелер 25 млрд сомду түзөт. Тармактын дефицити 15,2 млрд сом.

“Энергокомпанияларынын карыздык милдеттенмелери (насыялар жана ссудалар) 137,7 млрд сомду түзөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий