• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бекмурзаев: Кыштан кийин айрым керектөөчүлөр үчүн электр жарыгына болгон тариф кайра каралат

Экономика 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Кышкы жылытуу мезгили өткөндөн кийин керектөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн электр жарыгына болгон тарифтерди кайра карап чыгуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин президент катардагы жарандардын пенсиясынын өлчөмү жана маянасы көтөрүлмөйүнчө тарифтерди көтөрбөшү керектигин тапшырган.

“Учурда алтынды бөлүп чыгаруучу фабрикалар, металл эритүүчү цехтер жана майниг-фермалар бир киловатт үчүн 5 сом 40 тыйындан төлөшөт. Энергетика системасын колдоо максатында министрлер кабинетинин башчысы бюджеттик уюмдар үчүн тарифтерди 3 сом 40 тыйынга чейин көтөрдү”, - деди министр.

Бекмурзаев кошумчалагандай, кечээ, 25-январда, саат 11:57де Борбор Азиянын Бирдиктүү энергосистемасы үзгүлтүккө учурап, Казакстан, Өзбекстанда дагы электр энергиясы өчүрүлгөн.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Казакстан менен Кыргызстан энергетика системасын толугу менен калыбына келтирди.

Пикир

Оставить комментарий