• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бексултан Жакиев: “Кыргызстанда сөз эркиндиги мүмкүн болгон бардык чектен ашты”

Коом 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Кыргызстанда сөз эркиндиги мүмкүн болгон бардык чектен ашты. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине КРнын Баатыры, КРнын эл жазуучусу Бексултан Жакиев билдирди.

“Мен өлкө башчысынын билдирүүсү туура деп эсептейм. Анткени, азыр Кыргызстанда өкүм сүрүп жаткан сөз эркиндиги бардык чектен ашык кетти. Бизде сөз эркиндиги таптакыр башка мүнөзгө ээ болду. Ар бир жаран эмне кааласа ошону айта берет. Мындай болбош керек. Кыргызстан – бул мамлекет, ар бир мамлекет өзүн ички жана тышкы душмандардан коргошу керек”,-деди Б.Жакиев.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө ар бир жаран каалаган маалыматты таратып жатат. “Айрым журналисттер сабатсыздыгынын айынан бул туура деп эсептеп, сөз эркиндиги деп ойлойт. Бирок, кимдир бирөөнү жаманатты кылып, ушак тараткандар дагы бар. Элдин мамлекетке болгон оюн өзгөртүп, бийликти жаман тарабынан көрсөтүү үчүн жасашат. Ар бир өлкөдө бийлик жана анын оппоненти болот. Бирок, бийликке каршы чыккандар эч кандай далили жок оюна келгенди жазып, айта беришпейт. Бул демократия эмес. Сөз эркиндигинин негизги принциптеринин бири - ким тууралуу сөз болуп жатса да анын ар намысына жана кадыр баркыны зыян келтирбөө”,-деди жазуучу.

Ошондой эле, Б.Жакиев бийликти сындаш керек экенин өзгөчө белгиледи. Бирок, сын конструктивдүү болууга тийиш.

“Биз сөз эркиндигине жамынып алып, өзүнүн “туура эмес” иштерин жасап жаткандарды көрүп жатабыз. Алар жалган, ойдон чыгарылган маалыматтарды таркатууга чейин бардык ыкмаларды колдонушууда. Алар өлкөдөгү кырдаалды туруксуздандырууну максат кылып алышкандай. Биз барыбыз эки рефолюцияга күбө болдук, анда кимдир бирөө кайгырып жатса, кимдир-бирөө чөнтөгүн толтурган. Бардык жакта мародерлук болгон. Сот ага тиешеси барлардын барын аныкташы керек. Ал эми жөн гана кыйкырып, бирөөнүн эркиндигин талап кылуу – туура эмес. Эл барын көрүп-билип турат. Бул чыр-чатактар токтомоюнча, бизде өнүгүү болбойт. Биз мындан алысташыбыз керек”,-деди Эл жазуучусу.

Пикир

Оставить комментарий