• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-апрелде болот

Коом 0

Бишкек, 25.04.21. /Кабар/. Кыргыз эл баатыры, жазуучу жана драматург Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 26-апрелде болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маркум менен коштоштуу иш-чарасы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 11:00дө башталат.

Эске сала кетсек, узакка созулган оорудан улам Бексултан Жакиев 85 жаш курагында 25-апрелде дүйнө салды.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

Пикир

Оставить комментарий