• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бектурганов: Балдар арасындагы COVID-19 менен ооругандардын өсүшү аба ырайынын шарттары жана сезондук ооруларга байланыштуу

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. КРнын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов өкмөт үйүндөгү брифингдин жүрүшүндө мектеп курагындагы жана мектепке чейинки курактагы балдар арасында COVID-19 менен ооругандардын өсүшү аба ырайынын шарттарына жана сезондук ооруларга байланыштуу экенин билдирди.

Анын айтымында, статистикалык маалыматтар боюнча, мартта мектеп курагындагы (7 жаштан 17 жашка чейин) балдар арасында COVID-19дун 117 учуру катталган. Өз кезегинде бул айда 37 учур аныкталды.

Ошондой эле, мартта мектепке чейинки курактагы (төрөлгөндөн тарта 6 жашка чейин) балдар арасында 74 учур, ал эми апрелде 23 учур катталды.

“Азыркы учурда балдар арасындагы оорулар токтогонун белгилеп кетким келет. Оорунун көбөйүшү туруксуз аба ырайынын шарттарына жана сезондук респиратордук ооруларга байланыштуу деп ойлойбуз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий