• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бельгиядагы элчи Жумалиев Европа кеңешинин башчысына ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Муктар Жумалиев Европа кеңешинин төрагасы Дональд Тускка КРнын Европа Биримдигиндеги элчиси катары таануу ишеним катын тапшырды. Бул тууралуу КРнын Европа биримдигиндеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, ишеним грамотаны тапшыруу аземинин алкагында кыргыз-европа эки тараптуу кызматташтык, Кыргызстан менен ЕБнин байланышынын жаңы барагын ача турган кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашууга кол коюу жана ратификациялоо тууралуу пикир алмашуу болду.

"Элчи Жумалиев Кыргызстандын демократия жолундагы аракеттерине жана экономикалык жаңылануусуна Европа Биримдигинин көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди. Элчи ЕБнин рыногуна кыргыз товарларынын жана кызматтарынын кирүү маанилүүлүгүнө токтолуу менен кыргыз тараптын демилгеси боюнча эмдиги жылы Бишкекте "Европа Биримдиги – Орто Азия биринчи экономикалык форуму" боло тургандыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск демократиялык мамлекетти куруу узак жана өтө татаал процесс экендигин билдирүү менен Кыргызстандын бул жолдогу жетишкендиктери өзгөчө таанууга ылайык экенин билдирген. ЕБ Кыргызстан менен экономика жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирип, кол коюла турган кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуу буга көмөк көрсөтөөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий