• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Беларусь ИИМи Минсктеги нааразылык акциясында бири адам каза болгонун билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. 10-август күнү кечинде Минск шаарында президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирип чыккан адамдар менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу уланды.

Өлкөнүн ички иштер министрлиги (ИИМ) бул күнү кечинде шаарда нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири каза болгонун билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, «Пушкин» метро станциясына жакын жерде акция катышуучуларынын бири милиция кызматкерлерин көздөй белгисиз жарылуучу нерсени ыргытууга аракет кылып, бирок ал өзүнүн колунда жарылып кеткен. Жыйынтыгында ал алган жараатынан дароо каза болгон.

Азырынча бул окуя боюнча көз карандысыз булактардын маалыматтары жок.

9-августта өткөн презденттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча өлкөнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоочулардын 80,08% добушун алып, жеңишке жетти. Анын негизги атаандашы Светлана Тихановская 10,09% добуш алды.

Бирок Тихановская шайлоонун расмий жыйынтыгы бурмаланганын, көпчүлүк добушканалардан чогултулган протоколдордун негизинде өзүн жеңүүчү деп эсептей турганын жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий