• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Беларусь компаниясы Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда

Коом 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко жана “Сифания-Экотехника” унитардык ишканасынын директорунун орун басары А.Соболевский менен жолугушуу ѳттү.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда экология, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, таштандыларды чыгаруу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары министрлиги менен “Сифания-Экотехника” ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Мындан тышкары, учурда Кыргызстандын аймагында катуу тиричилик жана өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү боюнча пилоттук долбоор иштелип чыгууда.

Беларусь компаниясы ѳндүрүш жана тиричилик калдыктарын иштөөнүн жогорку технологиялык концепциясын иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий