• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Беларусь Курманбек Бакиевди жана анын туугандарын Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн 4 жолу баш тарткан

Коом 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Беларусь мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана уулу Марат Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн 4 жолу баш тарткан. Бул тууралуу журналисттерге Башкы прокуратуранын Эл аралык укуктук кызматташтык башкармалыгынын башчысы Асылбек Акматов билдирди.

Беларусь тарап Кишинев конвенциясына таянып, жогоруда айтылган адамдарды өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

"2011-жылдан тарта 4 жолу бул адамдарды Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча билдирүү жөнөтүлгөн. Саясий куугунтуктоолор болуп жаткандыгын айтып, алар биздин өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий