• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Беларусь кыргызстандык студенттердин билим алуусуна грант берүүнү пландоодо

Саясат 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Кечээ, 16-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Страчко Казакбаевди тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган.

Казакбаев Беларустун элчисине Кыргызстандагы ички саясий кырдаал жана алдыдагы маанилүү саясий иш-чаралар тууралуу айтып берген.

Жолугушууда тараптар алдыдагы иш-чаралар жана сапарлардын графигин карап, тышкы иштер министрликтеринин саясий кеңешмелерин өткөрүүнү талкуулашкан.

“Тышкы иштер министри эки өлкөнүн аймактык бирикмелердин алкагындагы кызматташуусун улантуусунун маанилүүлүгүн, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну күчөтүү, инвестициялык багыттагы иштерди арттыруу керектигин белгилеп, бизнес долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө иш алып барууну сунуштады”, - деп билдирет министрлик.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакбаев саясий окуялар эки тараптуу мамилеге, айрыкча соода-эконмикалык алакага тоскоол болбошу керек деген оюн билдирген.

Элчи Беларусь тараптын кыргызстандык студенттердин Беларуста акысыз негизде окуусуна грант берүү боюнча чечим кабыл алынганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий