Беларусь премьер-министри Сергей Румас Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Визиттин жүрүшүндө Сергей Румасты Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйын 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий