• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Беларусь спорттук медицина тармагында тажрыйба алмашууда кыргызстандык адистерди чакырууга даяр

Маданият 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын 15-мартында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Беларусь Республикасынын спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар спорт жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Беларусь тарап 2023-жылдын август айында Минск шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары тууралуу видеоролик көрсөтүп, КМШ оюндары өтө турган спорт аянтчалары жана оюндарга даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Сергей Ковальчук беларусь спортчуларынын спорттук даярдыгын колдоо, атап айтканда спорттук медицина боюнча презентация көрсөтүп, бул жаатта тажрыйба алмашуу үчүн кыргызстандык адистерди чакырууга даяр экендигин билдирди.

Туризм темасына токтолуп, тараптар Бишкек-Минск үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууга кызыкчылыктар айтылып, мындай кадам туристтердин агымынын өз ара көбөйүшүнө алып келери белгиленди. Мындан тышкары, алар КМШ жана ЕАЭБ алкагында кызматташууну арттыруу зарылчылыгы тууралуу макулдашты.

Өз кезегинде Алтынбек Максутов кыргыз тараптын КМШнын II оюндарына даярдыгы тууралуу маалымат берип, министрликтин өкүлдөрүн жана бардык беларусь спортчуларын 2023-жылдын 13-майында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонуна катышууга чакырды.

Мындан сырткары, тараптардын туристтик потенциалын кеңири чагылдыруу максатында эки өлкөнүн жергиликтүү телеканалдарында жарнактарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүн биргелешип кароо сунушталды.

Кошумчалай кетсек, беларусь тарап 2023-жылы жайкы туристтик сезондун ачылышына чакырылды. Ачылыштын алкагында жыл сайын салтка айланган “Ысык-Көл туризм жарманкеси – 2023” Эл аралык туристтик жарманке-көргөзмө уюштурулмакчы.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн белгиленген багыттар боюнча активдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий