• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасына кечээ, 13-апрелде Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко келди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү бидирди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда Беларусь Республикасынын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко эртең, 14-апрелде Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Кыргыз Республикасынын 2017-жылы Евразия экономикалык кеңешинин органына төрагалык кылуусунун алкагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий