• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Беларусиянын президенти Кыргызстанга сапар менен келет

Саясат 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Беларусиянын президенти Александр Лукашенко 13-14-апрелде Кыргыз Республикасына иш сапары менен келет. Бул тууралуу беларусь лидеринин басма сөз кызматына шилтеме кылып БЕЛТА билдирди.

Бишкекте 14-апрелде Александр Лукашенко Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышат. Мамлекет башчылар ЕЭАБдин эл аралык ишмердигинин жана мүчө-мамлекеттердин жакынкы жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын ишке ашырууну талкуулашат. Үчүнчү өлкөлөр менен экономикалык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар эл аралык документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Ушул эле күнү Александр Лукашенко ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна катышат. Президенттер коопсуздук, актуалдуу чакырыктар жана коркунучтар, аларга биргелешип каршы туруу жолдорун талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий