• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Беларуста бир күн ичинде 919 адам коронавирус жуктуруп, 4 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Беларуста бир күн ичинде 919 адам коронавирус жуктуруп, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Беларустун Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазат.

Дүйшөмбү күнгө карата Беларуста коронавирусту 11 миң 289 адам жуктурганы айтылган.

"Өлкөдө коронавирус жуктурган 12 миң 208 учур катталды. Ал коронавируска жүргүзүлгөн анализдердин 7,5%ын түзөт. Жалпы 161 миң 28 тест жасалган. Жалпы илдетти жуктургандардын ичинен 79 жаран каза болду", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда коронавирус жуктурган 1 миң 993 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий