• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Беларуста Бишкекке лифт ташуу жана «Дастан» ишканасынын базасында куроо маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 17.09.21./Кабар/. «Дастан» корпорациясы, Бишкек мэриясы жана «Могилевлифтмаштын» ортосунда кызматташууну өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын Беларустагы элчиси Э.Ибраимов менен «Дастан» ишканасынын коммерциялык директору Р.Бурангулов Беларустун Могилев шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы «Могилевлифтмаш» ЖЧКсынын өндүрүшү жана чыгарган продукциялары менен таанышып, аталган ишкананын өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр учурунда «Дастан» ишканасынын базасында лифтерди куроо боюнча ишкана ачуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле Беларустун экспортту колдоо каржылык механизмин колдонуу менен Бишкек шаарына лифтерди алып келүү маселелери талкууланды.

Элчи Ибраимов Бишкек шаарынын лифтик чарбачылыгын жаӊыртуу боюнча эки өлкөнүн ортосундагы аткарылып жаткан иштерди кубаттап, ушул багытта кызматташуну улантууну сунуштады.

Өз кезегинде, беларус тарап Бишкек шаарындагы эскирген жана иштен чыгып калган лифтерди алмашытруу программасына катышууга кызыкдар экенин белгилеп, бул багыт боюнча кыргыз тараптын бардык сунуштарын карап чыгып, колдоого даяр экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий