• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Белек алууга, акча чогултууга болбойт. Акыркы коңгуроодо дагы эмнелерге тыюу салынды

Коом 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. Мектеп директорлоруна жана мугалимдерге белек алууга, акыркы коңгуроо аземине акча чогултууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин буйругуна ылайык, ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда көңүл ачуучу жайларда салтанат өткөрүүгө да тыюу салынды.

Билим берүү башкармалыгынын райондук, шаардык бөлүмдөрүнө күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, фейерверк жана денеге залал келтире турган буюмдарды колдонууга тыюу салуу тапшырмасы берилди.

"Аталган буйрук аткарылбаса. анда тартиптик чара көрүлүп, жада калса тигил же бул жалпы билим берүү мекемесинин жетекчиси кызматтан да алынышы мүмкүн", - деп кабарлашты министрликтен.

Быйыл Кыргызстандагы мектептерде 2019-жылдын 25-майында саат 09:00дө акыркы коңгуроонун үнү жаңырат.

Пикир

Оставить комментарий