• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Белгияга 12 тонна кургатылган кыргыз кара өрүгү экспорттолгон

Экономика 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. 2019-жылы Кыргызстандан Белгияга 12 тонна жана Монголияга 8 тонна кургатылган кара өрүк эскпорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Ала-Бука районунда кооперативдерди чоңойтуу боюнча жыйын болуп, ага 14 айыл чарба кооперативи катышты.

Жыйынтыгында 10 кооператив аймактык, калгандары алардын мүчөлөрү болуу чечимине келишти. Жыйында ошондой эле 2020-жылга пландар талкууланды.

Ведомстводон белгилешкендей, бул кооперативдер өткөн жылы Бишкек жана Ош шаарларын кургатылган жер-жемиштер менен, ири тоо-кен компанияларынын жумушчуларына атайын кийимдерди тигип, ошондой эле аларды жер-жемиштер менен камсыздашкан.

Пикир

Оставить комментарий