• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова каза болду

Коом 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Алып баруучу Салтанат Саматова каза болду. Бул тууралуу кесиптеши Эркин Рыскулбеков билдирди.

Белгилүү алып баруучу 2011-жылы рак илдетине кабылып, ал оору менен күрөшүп келген.

Саматова Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Ал “Кыргыз радиосунда” жана “Европа плюста” алып баруучулук кызматты аркалап, КТРКдагы “Акыл ордо” интеллектуалдык программасын алып барган.

Быйыл ал 46 жашка толгон.

“Кабар” агенттигинин жалпы жамааты Салтанат Саматованын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий