• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Белгилүү дарыгер С.Жумабеков анын атынан интернетте дары саткан алдамчыларга ишенбөөнү суранат

Коом 0

Бишкек, 13-апрель /Салтанат Абдраева - Кабар/. Белгилүү травматолог, профессор, КР медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков жарандарды анын атына жамынып, ар кандай медициналык дарыларды саткан алдамчыларга алданбоону суранат.

“Урматтуу достор, интернетте, Фейсбук жана Инстаграмда алдамчылар пайда болушту. Алар менин атыман сүрөтүмдү коюп алышып, мыйзамсыз түрдө ар кандай майларды, кремдерди жана таблеткаларды жарнама кылып жана сатып жатышат. Бул дарыларга менин эч тиешем жок. Мен эч качан аларды көргөн эмесмин жана интервью да берген эмесмин. Бул дарыларды мен өзүм эч качан колдонгон эмесмин, сиздерге да сунуштабайм. Мен расмий түрдө каржы полициясына арыз менен кайрылдым жана сиздерди бул алдамчыларды табууга жардам берүүгө чакырам”, - деп айтылат С.Жумабековдун билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий