• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Белгилүү дирижёр Сайидрахман Матиев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Кыргыз искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. 2019-жылдын 13-декабрында 60 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү дирижёр Сайидрахман Матиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Сайидрахман Матиев 1959-жылы 11-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу азыркы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылында туулган.

1976-жылы Правда орто мектебин аяктап, 1977-81-жылдары Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынан билим алган. Андан соң Б. Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтунан билимин тереңдетип, маданий агартуу факультетинин эл аспаптар оркестринин дирижёру адистиги боюнча окуусун 1985-жылы аяктаган.

Ушул эле жылы институттун жолдомосу менен Б. Алыкулов атындагы Жалал-Абад маданият техникумунун элдик аспаптар бөлүмүнө мугалим болуп алгачкы эмгек жолун баштаган. 1985-95-жылдары техникумда мугалим, эл аспаптар бөлүмүнүн башчысы, эл аспаптар оркестринин жетекчиси кызматтарында иштеген. 1995-98-жылдары Кара-Суу районундагы жаңы ачылган Долон-Чек элдик театрында фольклордук ансамблди жетектеген. 1998-жылдан тарта Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө окутуучу, Р. Абдыкадыров атындагы Ош облусттук филармониянын Насыйкат эл аспаптар оркестринин артисти, андан соң Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси кызматын аркалап келген.

2007-жылы «Соң-Көл баяны», 2013-жылы «Кылым карыткан кыргыз күүлөрү» аттуу ырлар жана күүлөрдү камтыган партитуралык китеби музыкалык мектептерге, орто жана жогорку окуу жайларына методикалык колдонмо катары жарык көргөн.

Андан тышкары 2013-жылы «Таберик» поэзия жыйнагы, «Күз кайрыктары» обондор жыйнагы жарык көрүп, Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий