• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Белгилүү философ Табылды Абдылдаевди эскерүү кечеси өттү

Коом 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында окумуштуу Табылды Абдылдаевдин 85 жылдыгына карата «Т.Абдылдаевдин чыгармачылыгындагы актуалдуу онтологиялык жана экологиялык маселелер» аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Окумуштуунун жаркын элесине арналган конференцияга окумуштуулар, коомдук ишмерлер, ЖОЖдордун окутуучулары, илимпоздун замандаштары, туугандары ж.б. катышты.

КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев философтун илимдеги чыйыр жолу тууралуу сөз кылып жатып: “Ойчулдун калтырып кеткен илимий иштери абдан баалуу. Анткени анын бир нече жыл мурунку эмгектеринде азыркы кездеги экологиялык проблемалар камтылган. Ал кыргыз философиясынын башатындагылардын катарында турат”, - деди.

КР УИАнын академиги Аскар Какеев: «Табылды Абдылдаев учурунда КР УИАсынын аспиранттар окуй турган программасынын эң биринчи үлгүсүн жаздырган. Дагы бир өзгөчөлүгү - табият таануу илимдеринин философиясын изилдеген төрт окумуштуунун бири. Адамдын генетикасынын кодун жазган илимпоздордун ичинде ал дагы бар. Ошондой эле жаратылыш менен адамдар түзгөн жасалма коомчулуктун, жасалма дүйнөнүн ортосундагы байланыштарды жана айырмаларды изилдеген философ”, - деп кошумчалай кетти.

Т.Абдылдаевди чет өлкөлүк замандаштары: Казакстан УИАсынын академиги Жабайхан Абдильдин, Россия так илимдер академиясынын академиги Эдуард Гирусов жана Беларусия УИАсынын академиги Дмитрий Широканов аны видео тасма аркылуу эскеришти.

Кесиптеши, академик Э.Гирусов окумуштуу менен бирге өткөн күндөрүн эстеп: “Т.Абдылдаевдин философияга кошкон салымы өтө чоң. Анда күчтүү илимий база, илимдин системасы бар эле. Бир кездерде тыгыз байланышта болуп иштешип жүрдүк. Мындай кызматташууларды окумуштууларыбыз улантып кетиши керек” – деген пикирин билдирди.

Иш-чараны УИАнын Философия, саясий-укуктук изилдөөлөр институту уюштурду.

Кыскача маалымат:

Т.Абдылдаев - философ, илимпоз-педагог, медицинанын жана экологиянын философиялык маселелер боюнча изилдөөлөрдүн негиздөөчүсү жана коомдук ишмер. 1952-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Биология жана топурак таануу факультетин бүтүрүп, эмгек жолун окутуучу болуудан баштаган. 1966-1988-жылдары Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтунда Экологиянын философиялык маселелери бөлүмүнүн башчысы. Окумуштуунун кыргыз жана орус тилдеринде бир катар илимий жана усулдук китептери жарык көргөн.

Пикир

Оставить комментарий