• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Белгилүү физик Стивен Хокинг көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Дүйнөгө белгилүү англис физик-теоретиги Стивен Хокинг 77 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу BBC үй-бүлө өкүлдөрүнө таянып билдирген.

Хокинг — физик-теоретик, белгилүү илим популяризатору жана 10 миллион нуска менен тараган “Убакыттын кыскача тарыхы” китебинин автору.

1963-жылы 22 жаштагы Хокингге каптал амиотрофикалык склероз диагнозу коюлган. Дарыгерлер ошол тапта ал болгону эки-үч жыл жашайт деп эсептешкен. Бирок алардын божомолдору акталбай окумуштуу илимий ишин улантып, эки жолу үйлөнүп жана үч баланын атасы болгон. Толук шал болуп калса дагы Хокинг активдүү өмүр сүрүп – илим менен алектенип, сабак берип, баяндамаларды жасап, дүйнө менен кептин компьютердик синтезатору аркылуу пикир алышып келген.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий