• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Белгилүү комузчу Нурзат Орозалиева дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынынын мугалими, белгилүү комузчу Нурзат Орозалиева 44 жаш курагында дүйнө салды. Ал бир нече жылдан бери айыккыс дарт менен алпурушуп жүргөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Нурзат Орозалиева кыргыз элине комузчу катары таанымал болуп келген. Бир канча күүлөрдүн автору жана кыргыз айымдарынын ичинен алгач ирет күү чыгарганы менен да белгилүү болчу.

Нурзат Орозалиева 1975-жылы төрөлгөн. Ал бирден-бир маданият тармагында салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүсү, көрүнүктүү жана таланттуу айымдарынын бири болчу. Ал өз чыгармачылыгында Токтогул, Карамолдо, Шекербек, Атай, Ыбырай, Чалагыз сыяктуу белгилүү комузчулардын күүлөрүн жогорку чеберчиликте аткарып келгени менен эсте калды.

Нурзат Орозалиеванын аткаруучулук жөндөмү башкалардын айырмаланып, ар бир күүгө өзгөчө маани берип, ар дайым классикалык күүлөргө өзгөчө боёк издеп, автордук күүлөрдү чыгарып, ал жараткан күүлөр билим берүү тармагына жана концерттик репертуарларга киргизилген. Ал өз ишмердүүлүгүндө Кыргызстанда гана эмес, Казакстан, Эстония, Борбор Азия, Венгрия, Россия Федерациясы жана АКШ мамлекеттеринде болуп, кыргыз күүлөрүн ийине жеткире аткарып, кыргыз желегин далай жолу желбиреткен.

Акыркы кезде Н. Орозалиева К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында иштеп, комуз сабагынан берип келген.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маркум Нурзат Орозалиеванын жакындарына жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий