• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер кадр кызматынын эмгек жамааты менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. КРнын Мамлекеттик кадр кызматында белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер Накен Касиев, Жамал Ташбекова жана Султан Раев менен жолугушуу өткөрүлдү. Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров конокторду жалпы эмгек жамаатка тааныштырды. “Жолугушуу кызыктуу болушу үчүн аны баарлашуу форматында өткөрөлү. Өзүңүздөрдү эркин сезип, каалаган суроолоруңуздарды бериңиздер” –деди ал.

Алгачкы сөз Накен Касиевге берилип, ал чоң кызматтарга кадрларды туура тандоо жана аларды ротациялоо, жетекчилердин жакшы сапаттары, союз убагындагы кадрларды тандоо принциптери тууралуу айтып берди.

Андан соң Жамал Ташбекова союз убагында кызматка жаңы дайындалганда алгачкы кыйынчылыктарды кантип жеңгенин, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин билими менен бирге адамгерчилиги да бийик болуусу керектигин айтты.

Ал эми Султан Раев өз сөзүндө ар бир мамлекеттик органдарда же министрликтерде ошол тармакты жакшы билген жетекчи болуусу керектигине токтолду. Анын айтымында, маданиятка врачтардын же саламаттыкты сактоо тармагына юристтердин жетекчи болуп келүүсү туура эмес.

Убагында чоң жетекчилик кызматтарды аркалап келген белгилүү инсандар менен жолугушууга кадр кызматынын эмгек жамааты активдүү катышып, кызыккан суроолорун беришти.

Жолугушуунун аягында А. Мадумаров келген конокторго терең ыраазычылыгын айтып, мындай иш-чаралар кадр кызматында мүмкүн болушунча көбүрөөк өткөрүлөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий