• 87.42
  • 95.29
  • 1.14

Белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков дүйнөдөн кайтты

1128 кароо Коом 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул жана сатирик Рахман Разыков дүйнөдөн кайтты.

Жакындарынын айтуусуна караганда, ал 6-июндан 7сине караган түнү дүйнө салган. Маалым болгондой, ал пневмонияга чалдыгып ооруканада дарыланып жаткан.

Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн. "Таң жылдызы" , “Бешилик” жана “Беш кемпир" топторун түзгөн. Сатирадан тышкары, тамсил, ыр жазып, эл арасында акын катары дагы белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий