• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Белгилүү медициналык адистер президентке өлкөдөгү эпидкырдаалды турукташтыруу боюнча сунуштарын беришти

Президент 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда, өлкөнүн саламаттыгын сактоо тармагындагы белгилүү адистер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга төмөнкү дарыгерлер катышты:

- медицина илимдеринин доктору, профессор, И. Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов;

- ДССУ эксперти Касымбек Мамбетов;

- медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев;

- медицина илимдеринин доктору, профессор, Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов;

- медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Айнура Кутманова;

- медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова;

- Ден соолукту бекемдөө республикалык борборунун (ДБРБ) директору Нуриля Алтымышева;

- Дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева.

Жолугушуунун катышуучулары өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча сунуштарын беришти.

Жарандарга азыркы тапта өлкөдө бир гана көйгөй – бул коронавирус инфекциясы экени, пневмониядан каза болгон жакындарын жерге берүүдө COVID-19 илдетиндегидей эле талаптар сакталышы керектиги тууралуу кеңири түшүндүрмө берүү зарылдыгына көңүл бурушту.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле пневмония менен коронавирус боюнча статистиканы бириктирүү зарыл деп эсептешет.

Алар медициналык мекемелерди коронавирус инфекциясынын мүмкүн болуучу экинчи толкунуна даярдоо керектигин белгилешти.

Коронавирус инфекциясын дарылоого кычкылтек терапиясы менен жандандыруу бөлүмдөрү болгон клиникаларды кайра профилдештирүү, тез тургузулуучу конструкциялар менен жаңы ооруканаларды куруу керектигин айтып чыгышты.

Даректүү дарылоону күчөтүүчү илдеттин оор даражасына жараша бейтаптарды бөлүштүрүү үчүн борборлорду түзүүнүн актуалдуулугун баса белгилешти. Ошол эле маалда медициналык мекемелерге бейтаптарды кабыл алууда бош орундарды көрсөтүү менен ооруканалардын санарип картасын киргизүү дагы актуалдуу бойдон калууда.

Ошондой эле медициналык кадрлардын жетишсиздигине, медиктердин, анын ичинде “кызыл зонада” иштегендердин ден соолугун реабилитациялоо үчүн шарт түзүүгө көңүл бурушту.

Жолугушууда коронавирус инфекциясын дарылоо боюнча протоколдордун жаңыланышы керектиги, лабораториялык диагностикалык базанын кошумча кубаттуулугун камсыз кылуу жана жабдуулар менен дары-дармек каражаттарын сатып алууну оптималдаштыруу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, адистер учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин түйшүгүнө тийиштүү көңүл бурулбай, көптөгөн маселелердин баштапкы деңгээлдеги илимий изилдөөсү жетишсиз болуп жаткандыгына көңүл бурушту.

Медицина адистери күндүзгү стационарларга оор абалдагы бейтаптар да түшүп жаткандыгына байланыштуу, аларды күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү керектигин баса белгилешти.

Ошондой эле “тынымсыз байланыш телефону”, анын ичинде дары-дармектер боюнча да кошумча кызматтарды ачуу зарыл.

Алардын айтымында, дарыларды туура эмес, көпчүлүк учурда социалдык тармакта берилип жаткан сунуштоолорго карап, антибиотиктерди баш-аламан колдонуу дагы дары-дармектердин тартыштыгына алып келип, жасалма дүрбөлөңдү жаратууда. Алар ошондой эле фармацевтикалык ишканалардын жетекчилерин социалдык жоопкерчиликке чакырышты.

“Клексан”, “Гепарин” өңдүү дары-дармектердин таблетка түрүндөгү алмаштыруучу дарылары бар экенин кошумчалашты. Эгер Өкмөт токтом менен аталган дарыларды алмаштыруучу дарыларды бекитсе, алар менен эл үй шартында дарыланып, калк арасындагы дүрбөлөңдү азайтууга жана стационарларга да күч келтирбөөгө көмөкчү болот.

Илдеттин тез жайылып кетүүсүнө карантиндик чектөөлөрдүн алынышынан кийин жарандар тарабынан санитардык ченемдердин сакталбагандыгы себеп болгондугуна токтолушту. Бул боюнча массалык той-топурларга тыюу салынып, коомдук жайларда санитардык нормалардын жана бет кап режиминин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү, ал гана эмес аймактык карантиндик режимди киргизүүгө чейин баруу керектиги тууралуу ойлор айтылды.

Жарандар тарабынан обочолонуу жана гигиена ченемдерин сактоонун маанисин өзгөчө белгилешип, эпидемиологиялык кырдаал жакшырган өлкөлөрдө ийгиликтин негизги факторлорунун бири кол жууп, обочолонуу жана беткап тагуу сыяктуу негизги талаптарды аткаруу болгонун айтышты.

Азыркы шарттарда илдетке чалдыккандардын санынын көбөйүшү табигый көрүнүш экени, бирок өлүмдүн санын азайтуу боюнча чараларды көрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина адистеринин пикирлерин угуп, алардын бардык сунуштары коронавирус менен күрөшүүдө олуттуу мааниге ээ экенин белгиледи.

Бишкекке жана облус борборлоруна мамлекеттик-жеке өнөктөштөк принциби боюнча инвесторлорду тартуу менен комплекстүү заманбап ооруканалар курулаарын белгиледи. Инвесторлор менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Врачтарды реабилитациялоо боюнча илдет жуктуруп алган медиктерди Ысык-Көл облусундагы дарылануу жайларына жөнөтүү маселеси караштырылып жатканын эске салды.

Мамлекет башчысы кырдаалга анализ жүргүзүү жана божомолдоо үчүн маанилүү болгон Коомдук саламаттыктын улуттук институтун түзүү тууралуу сунушту колдоого алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина адистерине коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө жана жалпы эле саламаттыкты сактоо тутумун жакшыртуу үчүн керек болгон пайдалуу маалыматтарды бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий