• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Белгилүү ырчы Гүлнара Тойгонбаева: Мен Сооронбай Жээнбеков үчүн үгүттөйм

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 25.09.17 /Кабар/. Белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, маданий ишмер Гүлнара Тойгонбаева эмне себептен КР президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышып жатканын түшүндүрдү.

Анын айтымында, Сооронбай Шариповичти абдан ички маданияты жогору, көп жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп, элди ойлогон киши катары билет. “Ошондуктан үгүт кампаниясына катышып, концерттерди берип атам, элдерди Сооронбай Жээнбеков үчүн үгүттөп жатам!”, - деп белгиледи өз ырлары жана таланты менен элдин жүрөгүндө баарынан жогору өлкөнүн кызыкчылыгын койгон, шайлоо баракчасында №9 катарда келе жаткан Сооронбай Жээнбековго болгон ишенимди жандырган Гүлнара Тойгонбаева.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 25.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий