• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Белгилүү журналист Султан Жумагуловдун элесине арналган футбол турнири өттү

Спорт 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. 12-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун колдоосу менен белгилүү журналист, коомдук ишмер, мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү ортосунда футбол боюнча ынтымак турнири өттү.

Турнирдин ачылышында сөз сүйлөгөн төрага чыгармачылыгында да, чыныгы жашоосунда да чындыкты, адамдык баалуулуктарды бийик тутуп, ысырапсыз, жөнөкөй жашоону адат кылган Султан Жумагулов өрнөктүү өмүр жолу менен көпчүлүккө үлгү экенин белгиледи. Андан тышкары, Султан Жумагулов дайыма сергек жашоого умтулуп, айрыкча футболду көп ойногонуна токтолгон төрага: “Бүгүн уюштурулуп жаткан мелдеш аркылуу белгилүү журналисттин калемдештери, замандаштары жана шакирттери арасында ынтымакты бекемдеп, байланышты чыңдоону максат кылдык”, – деди.

Жалпысынан турнирге “КТРК”, ЭлТР”, “НТС”, “5-канал”, “Пирамида”, "Жалбырак ТВ” “Кыргыз радиосу”, “Кабар”, “Азаттык”, “Би-Би-Си”, ошондой эле Жогорку Кеңеш менен Маданият, маалымат жана туризм министринин өкүлдөрүнөн турган 12 команда күч сынашты. Оюн соңунда “ЭлТР, “Кабар”, “Жалбырак ТВ” жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин командалары арасында таймаш жүрүп, жыйынтыгында “ЭлТР” командасы биринчи орунду багынтса, “Кабар” экинчи, “Жалбырак ТВ” үчүнчү орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө атайын кубоктор жана дипломдор ыйгарылды. Ал эми “Мыкты оюнчу” наамы “Жалбырак ТВ” командасынын оюнчусу Элдияр Жекшалиевге берилсе, ошол эле команданын дарбазачысы Алик уулу Ынтымакка “Мыкты дарбазачы” катары диплом тапшырылды. Мындан сырткары, “Мыкты бомбардир” наамын “Кыргыз радиосу” командасынын оюнчусу Эсен Таалайбек уулу жеңип алды.

Эскерте кетсек, Султан Жумагулов өмүрүн кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө арнап, “Ленинчил жаш”, “Эркин-Тоо”, “Асаба” гезиттеринде, ВВС, Азаттык эл аралык маалымат кызматтарында, ошондой эле ЭлТР, КТРК телеканалдарында жетекчилик кызматтарда узак жылдар эмгектенген. Коомдук-саясий иштерге да жигердүү аралашып, журналист катары көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Өмүрүнүн акыркы жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалап, 2018-жылдын 8-октябрында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий