• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Белгисиз адамдар "Коопсуз шаардын" камерасын бүлдүрүп кетишти

Коом 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Белгисиз адамдар Бишкек-Торугарт унаа жолундагы "Коопсуз шаардын" камерасын бүлдүрүп кетишти. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн болжол менен саат 10:56да Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек-Торугарт унаа жолунда "Коопсуз шаардын" камерасы талкаланганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине барган милиция кызматкерлери бүлүнгөн камераны көрүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, камераны ок атуучу курал менен аткылап кетишкен.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, камераны бүлүндүргөн адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий