• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Белгисиз газдан ууланган окуучулардын абалы туруктуу - ССМ

Ден соолук 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Балыкчы шаарындагы белгисиз газдан ууланган окуучулардын абалы туруктуу. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 2017-жылдын 17-апрелинде Балыкчы шаарынын №3 Абдылдаев атындагы мектебинин 12 окуучусу тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Аларга “Белгисиз газдан уулануу” диагнозу коюлган. Окуучулардын бирине алгачкы жардам көрсөтүлүп, амбулаториялык дарылануу сунушу менен жөнөтүлгөн.

“Окуучулар абанын жетишсиздигин, көкүрөктөрү кысылып ооругандыктарын, тамактарынын кычышуусун, баш оору жана баш айланууларын айтып даттанышкан. Беш бала реанимация бөлүмүнө жаткырылып, бешөө травматология жана эки окуучу терапия бөлүмдөрүнө жаткырылышкан. Бишкек шаарынан токсикологдон кеңеш алынып, дезинтоксикациялык терапия дайындалган”, - деп билдиришти ведомстводон.

2017-жылдын 18-апрелинде реанимация бөлүмүндө жаткан 5 бейтап хирургия бөлүмүнө которулуп, дезинтоксикациялык дарылануудан өтүп жатышат. Тиешелүү бардык дары-дармектер жетиштүү.

“2017-жылдын 19-апрелине карата бейтаптардын абалы туруктуу, дарылоо улантылууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий