• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Белгисиз кишинин ымыркайды балкондон алып чыгып ойноткону боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Белгисиз эркектин ымыркайды 5-кабаттын терезесинен ылдый алып чыгып “ойноткондугу” боюнча текшерүү башталды.

“Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, текшерүүнү Свердлов райондук жашы жете электердин иши боюнча инспекциясы жүргүзүүдө.

“Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чара көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин күбө интернетке видео жүктөп, эркек киши баланы балкондон алып чыгып алып ойнотуп жатканын билдирген.

Анын айтымында, окуя Герцен көчөсү, 49 дарегинде “Карвен клубдун” артында болгон.

Пикир

Оставить комментарий