• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Белорусияда жазуучу Чыңгыз Айматовдун мааракеси белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 06.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Белорусияда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата иш-чара уюштурулуп, ошондой эле жазуучунун белорус тилиндеги китептер топтомун камтыган атайын сайт ачылат. Бул тууралуу ТИМнен кабарлашты.

Маданий иш-чараны өткөрүү демилгеси КРнын Белорусиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана БРнын маалымат министри Александр Карлюкевич менен болгон жолугушууда талкууланган.

Белорусия тарап Айтматовдун мааракесин белгилөө сунушун айткан КР Элчилигине көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген. Ошондой эле БРнын маалымат министрлиги тарабынан окуя тууралуу максималдуу түрдө маалымат таратылмакчы.

Министр өз сөзүндө 2017-жылы улуу жазуучунун акыркы чыгармаларын белорус тилине которуп басып чыгарууга даяр экендиктерин билдирди. Ал үчүн атайын жазуучунун чыгармаларына арналган интернет-портал ачылат.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар маданий-гуманитардык жаатта эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий