• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Беловодск айылында эки өспүрүм унаа урдоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Москва районунун Беловодск айылында эки өспүрүм унаа урдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктан билдиришкендей, 30-май күнү Беловодск айылынын 43 жаштагы тургуну Москва районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылып, 29нан 30-майга караган түнү "Хонда-Одиссей" үлгүсүндөгү унаасы уурдалганын билдирген.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул ишке шектүү катары Москва районунун 17 жаштагы Т.Н., аттуу жараны жана 16 жаштагы Э.А. аттуу тургуну кармалышкан.

Кармалгандар Москва районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.

Сотко чейин өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий