• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Беловодск айылында "Кышкы эс алуу – 2019" аталышындагы фестиваль-турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Чүй облусунун Беловодск айылында "Кышкы эс алуу – 2019" аталышындагы кыздар арасында футбол боюнча фестиваль-турнир болуп өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Фестиваль-турнир 14-15-декабрда Беловодск айылында өтүп, ага №1 орто мектептин 9-12 жаштагы кыздары катышты.

Мелдештин жыйынтыгы:

11-12 жаштагы кыздар арасында:

1-орун "Champion Football Academy" командасы;

2-орун Беловодск айылынын командасы;

3-орун Спорт оюндары боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы мектептин командасы;

4-орун №1 орто мектептин командасы.

9-10 жаштагы кыздар арасында:

1-орун 1 орто мектептин командасы;

2-орун Спорт оюндары боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы мектептин командасы;

3-орун Беловодск айылынын командасы;

4-орун "Champion Football Academy" командасы.

Мелдештин бардык катышуучулары диплом, кубок жана жаңы жылдык белектерди алышты.

Пикир

Оставить комментарий