• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Беловодск айылында Негматулла Фохаков дайынсыз жоголду

Коом 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Москва райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 1988-жылы туулган Фохаков Негматулла Хикматуллаевич изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Негматулла Фохаков 2021-жылдын 21-август күнү Беловодск айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170-175 см, арыкчырай, көздөрү кара, чачы кара кыска, өңү кара-тору, сакалы бар.

Кийими: кара түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү спорттук бут кийим.

Өзгөчө белгилери: оң бетинде тырыгы бар, психикалык жактан жабыркайт.

“Негматулла Фохаковдун кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Москва райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмү: (0312) 60-77-27, 03131 5-21-31, 0707 54-21-71, 0550 22-17-17, 0701-15-85-05, 0755-15-85-05. (издөө тобу)", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий