• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Беловодск айылында унаанын айдоочусу адамды өлтүрө сүзүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Чүй облусунун Беловодск айылында унаа адамды өлтүрө сүздү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-январда саат 20:00дөр чамасында Беловодск айылынын Садовое көчөсүндө 35-40 жаштагы эркек адамды өлтүрө сүзүп унаанын айдоочусу окуя болгон жерден изин жашырган.

Жабыркаган адам окуя болгон жерден каза болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Петровка айылынын 33 жаштагы тургуну "Форд-Транзит" унаасы менен адамды сүзүп кеткенден кийин унааны үйүнүн короосуна жашырып койгонун аныктаган.

Учурда айдоочу кармалып, унаа айып аянтчага киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий