• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Беловодск айылындагы балдар үйүнө 75 миң сомдук турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар берилди

Аймак 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Милиция кызматкерлери Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы мектеп жашына чейинки балдар үйүнө 75 миң сом каражатты түзгөн турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын өздүк курамы менен иштөө жана кесиптик даярдык башкармалыгынын башчысы Мамадали Шакиров жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башкы адиси Кудиритила Охунов катышып, балдарды таттуу белектер менен кубантты.

Өз кезегинде, Беловодск айылындагы балдар үйүнүн директору Анна Горохова балдарга жасаган камкордугу, жылуу мамилеси үчүн жалпы ИИМге ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий