• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Беловодск интернатында 15 жаштагы өспүрүм сабалып, ал ооруканада каза болгон

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Беловодск психоневрологиялык интернатта мушташтан кийин өспүрүмдүн каза болушу боюнча текшерүү башталды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 25-апрелде болжол менен 23:00дор чамасында Москва райондук аймактык ооруканасынын жандандырүү бөлүмүнө ар түрдүү жаракаты менен психоневрологиялык интернаттын тарбиялануучусу 15 жаштагы С.Н. жаткарылган.

Алдын ала маалымат боюнча, 2021-жылы 25-апрелде интернаттын 2 тарбиялануучусу, атап айтканда 12 жаштагы А.С. жана 17 жаштагы Х.Р. 15 жаштагы С.Н.нын денесине зыян келтиришип, жабырлануучу ооруканага жеткирилген, кийинки күнү ал алган жаратынан улам эсине келбей каза болгон.

Аталган факт Москва райондук милициясында Жазык кодексинин 138-беренесинде каралган (Денеге оор залал келтирүү) кылмыш белгиси боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Учурда бардык жагдайлар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий