• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Беловодск айылында жүк ташуучу унаанын айдоочусу жөө адамды сүзүп, ал ооруканада каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 41-километриндеги Беловодск айылында 16-майда 05:00 чамасында белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо адамды сүзүп, ага медициналык жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен.

Чүй облустук ИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиргендей, ушундан кийин айылдын жашоочусу 50 жаштагы жөө адам аймактык ооруканага жеткирилген, бирок ал өзүнө келбей жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Москва району боюнча милиция кызматкерлерлери белгисиз унааны жана айдоочуну издей башташкан, ошол эле күнү 1996-жылы туулган Кара-Балта шаарынын жашоочусу А. уулу Э. кармалган.

Азыркы учурда айдоочу мындан ары иликтөө үчүн Москва районунун ИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди, «Дэу-Лабо» маркасындагы унаа айып аянтына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий