• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Беловодское айылында балаты өрттөнүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 01.01.18 /Тумара Туратбекова - Кабар/. Беловодское айылында түнү жаңы жылдык балаты өрттөнүп кетти,-деп билдирет күбөлөр.

Instagramдагы OMKS_video порталында 10 саат мурда балаты күйүп жаткандагы видео жарыяланып, окуя Беловодское айылында болгондугу жазылган.

Окуяны тасмага түшүрүп калган күбөнүн айтымында, өрт жардыруучу заттардын айынан келип чыккан.

Маалыматта айтылгандай, кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр чакыртылган.

Эске сала кетсек, мурда жаңы жылдык балаты Казакстандын броборунда эки жолу өрттөнүп, кечинде эле Сахалинде да ушундай окуя жүз берген.

Пикир

Оставить комментарий