• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Беловодск айылында базарда курал сатып жаткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Беловодск айылында базарда курал сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Москва РИИБне С. аттуу жаран курал сатып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын негизинде Москва РИИБне катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак сатуу фактысы тастыкталып, Чүй ОИИББнин кылмыш иликтөө кызматкерлери жана Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан 55 жаштагы Ц.А. аттуу жаран кармалган.

Ц.А. аттуу жаран Москва районунун Беловодск айылынын базарында бир атар, 16-калибрдеги ТОЗ үлгүсүндөгү мылтыкты жана 2 ок-дарысын сатканы белгилүү болгон.

Ошондой эле жогорудагы куралды Чүй облусунун Панфилов районундагы кашарлардын биринен уурдап кеткени белгилүү болду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий